Жазасын берүү, кадемин катыруу, тийишкен кишиге өзүнүкүнөн катуу сокку уруу. Катылган иттердин катыгын беребиз! (Абакиров). Анан жазмакей тоголонгон Молдонун катыгын берели (Бейшеналиев).
Жазасын берүү, кадемин катыруу, тийишкен кишиге өзүнүкүнөн катуу сокку уруу Катылган иттердин катыгын беребиз! (Абакиров). Анан жазмакей тоголонгон Молдонун катыгын берели (Бейшеналиев). В.: Катыгын колго берүү. Зөөкүрдүк жасап, көңүлдү кирдетсе, анын катыгын колго берүү керек (Медетов). Катыгын колуна берүү. Канкордун күлүн сапырган, Катыгын берип колуна, Тилегин таштай катырган (Бейшеналиев). Катылгандын катыгын берүү. Ошентип, Тайлак далай жолу катылгандын катыгын берген (Бейшеналиев). Сен тим эле катылгандын катыгын берчү кыз болгон турбайсыңбы (Саатов). Улугуна катылгандын катыгын берет (Осмоналиев).